Өзбекстан менен талаш-тартыш чек аранын 50 пайызы Аксы, Ала-Бука районунда
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында такталбаган 31 аймак бар. Анын 50 пайызы Аксы жана Ала-Бука районунда. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, аталган райондордо Өзбекстан менен талаш жараткан 28 тилке бар. "Базар-Коргон районунда 2, Ноокен районунда 1 талаш-тартыш аймак бар",- деп кошумчалады Мамытов.