Бүгүн, 6-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын экинчи күндүк жарым финалынын жооптук оюнунда лондондук "Челси" клубу "Реал Мадрид" клубун 2:0 эсебинде утуп, турнирдин финалына жолдомо алган.
Оюндан кийин "Реал Мадриддин" чабуулчусу Эден Азар мурунку командалаштары менен, тагыраагы "Челси" клубунун оюнчулары менен күлүп сүйлөштү. Мындай учур түз эфирге түшүп калды.
Эден Азар "Реал Мадрид" клубуна "Челси" клубунан 2019-жылдын жай айында 100 миллион евродон ашык суммага өткөн.