Чүйдө түндө кызды унаага салып уурдап кетишкен. Учурда кыз изделүүдө (видео)

5-май күнү Чүй облусунун Лебединовка айылынан кыз уурдалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кызды уурдап кеткен жарандын аты-жөнү такталган. Учурда милиция кызматкерлери аталган жарандын жашаган жерине жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти Чүй облустук милициясынан.

Чүйдө түндө кызды унаага салып уурдап кетишкен. Учурда кыз изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bek.94
2021-05-06 11:37:29
Түндө арыз жазса эрте менен карайбы
0
Dembele84
2021-05-06 11:47:35
Дагы бир доопарас чыгат,уурдагандар да Оштуктар экен деп
-7
EddieNigma
2021-05-06 11:48:23
Dembele84,эгер чын эле оштуктар болуп калсачы?
-3
Nina.alex
2021-05-06 11:52:02
Dembele84,озун доопарас
-4
JaneEr
2021-05-06 11:56:34
Dembele84,ушундай болгон учун согуш болуп жатат,надоели уже тундук туштук деген соз
+3
Zarema11
2021-05-06 11:57:06
Бөлүнгөндү токтоткулачы! Ким болсо да жазасын аласын.
+11
Arzybekkg
2021-05-06 12:13:15
Кыз озу чуркап барып эле олтуруптур го
+7
Antiradikal5
2021-05-06 12:31:51
Кыз озу макул болуп отуруп жаткандан кийин, мындай нерсеге кылмыш ишин ачып кереги жок. Ар бир адам оз тагдырын озу белгилоого укуктуу. Кыз турмушка чыккысы келсе, жашы 18ден жогору болсо, эч ким тоскоол боло албайт. А кандай жол менен турмушка чыгат, анын эрки, ала качуусун каалайбы же той тушуруп уйдон кетуусун каалайбы, анын тандоосу. ЗАГСка деле каалаган машинелер менен чыгып жатышат го, ошондой эле кеп. Эки жаш суйлошуп журушкон экен, кармаган колдору узулбой, бир омур бактылуу болушсун
+2
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-06 13:38:35
Antiradikal5, балким коркконунан же алданганынан отургандыр, билбей туруп тыянак чыгаруунун кереги жок. Милиция ошон учун милиция - аныктоого тийиш, кылмышпы же турмушпу дегенди.
+2
Rinat98
2021-05-06 12:39:39
ОЗУ эле отуруп алдыго
+2
PFC-CSKA
2021-05-06 12:43:09
Кыз озу олтуруп алдыго анын эмнесин ызы чуу кылып атасынар?! лучше пайдалуу нерсеге убакытынарды коротпойсунарбы милициялар !
+3
Dembele84
2021-05-06 13:08:53
Кыз барып озу олтурду.Бала айланып келип рульга отургуча эшик ачык турду,кызда тушуп калайын деген ой жок!
+2
Asmat84
2021-05-06 15:40:01
Кыз өзү олтуруп аткан тура. Аны эч кандай кылмыш деп атоого болбойт. Балким сүйлөшүп жүргөн жигитидир той менен үйлөнгөнгө шарты болбой балким ошол жол менен уйлонушуп жаткандыр.
+3
bond0202
2021-05-06 16:32:42
Оз каалосу менен качкан болсо бактылуу болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан