"Тунук булакка окшоштурушат". Тажик тараптын кол салуусунан каза болгон Мадина Рахматжанованын сүрөттө калган элестери

Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда Интернационал айылынын 13 жаштагы тургуну Мадина Рахматжанова каза болгону буга чейин маалымдалган. Ал апасы менен качып келе жатканда миномёттон ок жаап, окуядан улам каза болгон . Жаш кыздын кырчындай кыйылган өмүрү калың элдин жүрөгүн сыздатты. Мадина Рахматжанованын аяш энеси Айниса Алдакулова аяш кызына ыр арнап, анын түп нускасын SUPER.KG порталына жиберди.

Мадина атың аталган,
Магдырап көзүм жаш алган.
Айниса айшенең ыйлайт,
Элесиң кетпей эч андан.

Жаш кеттиң кызым дүйнөдөн,
Жалт карап күлүп сүйлөгөн.
Жүрөрсүң азыр бейиште,
Жыттап нурлуу гүлдөрдөн.

Орозо ыйык күнүндө,
Оозуңду ачпай ок тийди.
Айландык оттук күлүнө,
Мадина сени жоготтук,
Жүрөгүм ыйлап билирди.

Ыйманга бекем берилген,
Чачтарың узун керилген.
Таштабай намаз окуган,
Акылың бийик сезилген.

Аттиң ай кандай дүнүйө,
Айласын таппай күнүнө.
Көзүмдө бардай турасың,
Тамчылап жашым үзүлө.

Кара туман душмандар,
Күтүүсүз келип аткылап.
Убалы уруп кызымдын,
Кудай табат жакшылап.

Он эки жаш куракта,
Жап жаш кеттиң жан кызым.
Айшенең ыйлайт эскерип.
Окшотуп тунук булакка.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2021-05-06 18:24:48
Аябай өкүнүчтүү.
+12
emirchik
2021-05-06 18:35:24
Журогум ооруду татынакай кызды ада кылды
+13
777888
2021-05-06 22:59:39
Бейиштин гул бакчасын аралап жур. Канкорлордун жазасын Аллахым созсуз берет.
+2
Nur777
2021-05-06 23:03:46
Жаннаттан орун ала гор...Журок ыйлайт((((
Ата-энесине,жакындарына сабыр берсин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан