Чүйдө түндө кызды унаага салып уурдап кетишкен. Милиция шектүүнү табууга жардам сурайт

5-май күнү Чүй облусунун Лебединовка айылынан 1995-жылы туулган Изат Курбанованы уурдаганга шектелген адамдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кызды издөө иштери улантылып жатат.

"Кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров экендиги белгилүү болду. Шектүүнүн туугандары сурак учурунда Мамаяровдун кайда экенин билбей тургандыгын жана ал уурдалган Изат Курбанова менен буга чейин достошуп келишкенин айтышты", - деп жазылган маалыматта.

Чүй ОИИББи Изат Курбанова менен Абдумалик Мамаяровдун жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болгон жарандарды төмөндөгү телефондор аркылуу байланышып, милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну суранат:

0312 43 01 27, 43 88 85, 0701 26 63 01, 0312 36 35 27

Чүйдө түндө кызды унаага салып уурдап кетишкен. Учурда кыз изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shabi
2021-05-06 20:09:20
Журушсо керек да эсалып,бала дагы уйуно алып барбаса,корунуп эле турбайбы кызды зордоп алып качкан эмес,озулле чуркап барып олтурганы машинага
+7
Milduri
2021-05-06 20:14:02
Эртең митингке чыгышат экенда эми НПОчулар Рита Карасартованы баш кылып, кыз алакачуу жок, кана милиция иштебейби, отставкага кетсин деп, ээй таппай турушкан эледа.
+7
Scorpion_09
2021-05-06 21:04:42
Кыз ОЗУ эле отуруптур
+2
Rifle_I
2021-05-07 20:03:23
Неңдурайындар, атайын чийип көрсөтүп койсо да машинасын туура парковкага кое албаган рулдагы маймылдар тажатышты. Машинасын тайнесинин огородуна токтоткондой коюшат. 2 орундк ээлеп талтайтып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан