Кечээ, 21-октябрда Казакстандын Алматы шаарындагы А.Костеев атындагы Улуттук көркөм искусство музейинде Кыргызстандын маданият күнүнө арналган "Айтматов ааламы" деген аталыштагы көргөзмө ачылды. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Көргөзмөнүн ачылышына КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев, Алматы шаарындагы акимиаттардан өкүлдөр катышышты. Алматы шаарынын тургундары жана коноктору үчүн көргөзмө эки жума уланат.