Биз социалдык тармакта

Чек ара чырында жаракат алган Борбордук айылынын имамы: "Айылыбызга 108 тажик көчүп келип жарандык алган. Алардын туугандары уруш чыгарганына ишенбейм"

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда Баткен облусундагы Борбордук айылынын тургуну Буувахан Кадыркановдун бутуна эки ок тийип, учурда ооруканада дарыланууда. Ал SUPER.KG порталына ошол күндөгү башынан өткөн окуяны айтып берди.

Кадырканов Борбордук айылындагы мечитте 13 жылдан бери имамдык кылат. Анын айтымында, тажик тараптан атылган ок унаасынын капотун тешип өтүп бутуна тийген.

"Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук айылынын тургунумун. 1970-жылдан бери ошол айылда турам. Баткенге же Исфанага караганда Тажикстан бизге жакыныраак. Ошондуктан керектүү оокаттарыбызды коңшу мамлекеттен алабыз.

Жаңжал күнү чек арадагы жолдо унаа айдап бара жаткам. Автомат же снайпер менен атканын билбейм, ок унаанын оң дөңгөлөгүнө тийип, капотту тешип өтүп бутума тийди. Унааны арты менен айдап, араң биздин аскерлер турган жерге жетип бардым. Алар мени унаамдан түшүрүп башка унаага салып жиберишти. Ал унаа менен Кулунду айылына, андан кийин Исфана шаарына ооруканага бардым.

Тажик эли шарият илими боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Орозо күндөрүндө алардын мындай иш кылганына ишенбейм. Урушту башка бирөөлөр чыгарып жатат. 108 тажик туугандар Борбордук айылына көчүп келип, Кыргыз жарандыгын алып отурукташып калышкан. 66 адам убактылуу паспорт алышкан. Балким, азыр көбөйгөндүр. Алардын Тажикстанда тууган-уругу бар. Алар мындай ишти кылбаса керек деп ойлойм.

Биз чек арада аралашып жашап эле келе жатабыз. Алардын иши болсо Кыргыз өлкөсүнө келе берет, биздин ишибиз болсо Тажикстанга бара беребиз. Мусулман адамдар уруш чыгарбайт. Уруш чыгаргандар мусулман эмес, кандайдыр бир жалданган адамдар болушу керек деп ойлойм.

Борбордук айылындагы Арка 1 мечитинде 13 жылдан бери имаммын. Кыргызы да, тажиги да аралашып бир мечитте намаз окуп келгенбиз", - деди Кадырканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Altyn10076
2021-05-07 02:32:56
Анда барабар а тажик айылы болуп калат экен да көчүп келип атышса
+8
Asmat84
2021-05-07 03:22:22
Котур ташы койнунда деген ушулар болот. Булар калп эле динге берилгендей боло берет а чындыгында жүрөктөрү таза эмес. Карап көргүлөчү көөп мусулманга караганда кыргыздын ыйманы бекем болот. Болбосо ошол айыл эли аксакалдар койгула деп койушса болот эле го орозонун күнүндө анчалыка барбагыла же болбосо үйлөрдү тоноп орттобогуло, жаш балдар менен аял кишилерди кордобогула деп элди ынтымакка чакырмак
+11
Real_mir
2021-05-08 14:07:57
Asmat84,уруш учурун коргон сунбу досум, элдин жаманы болбойт жаман адамдар болот.
-1
JaneEr
2021-05-07 07:38:26
Жарандык бербегиле эми!!!
+11
Mustafo
2021-05-07 08:14:47
Койнундагы котур таштарын сиз көргөн эмессизда аксакал.
+9
Baktikan
2021-05-07 08:17:34
TAJIKTER jon kochup kelbeit~maksati bar oshon uchun jerdep kalishti~kirgizbei koyso jakshi bolmok~biyil 100 emdigi jili 100 bolup
Ayil tajik ayili bolup kaluuga korkunuch bar
+4
bond02
2021-05-07 09:02:07
Сендей адамдарга жакшылык жок озу, кайра тажиктердин таламын талашып. Отуп кет да бир жолу ошол жакка аябай ишенет экенсин.
+2
Dembele84
2021-05-07 09:58:02
Чалдардын да ар туру болот экен да,
+3
aiba.20201234567
2021-05-07 10:40:33
Көчургулө кайра
+4
Baktikan
2021-05-07 10:46:17
Bul atabiz ozu tajikterden okshoit~
+2
anonymous
2021-05-07 11:37:37
Ишенбей жүрө бер
+2
Kuyoo_bala
2021-05-08 00:11:48
Элдин убалы паспорт саткан адамдарга тийсин
+1
Akujan1408
2021-05-08 01:08:16
Озу тажик окшойт бул аба.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан