Чүйдүн Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатта 15 жаштагы бала сабалып каза болгону боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Москва районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө ар кандай жаракат алган 15 жаштагы психоневрологиялык интернатынын окуучусу келип түшкөн.
"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 25-апрелде аталган интернаттын эки окуучусу, тагыраагы 12 жаштагы жана 17 жаштагы балдар 15 жаштагы С.Н. аттуу баланын денесине залал келтиришкен. Анын кесепетинен 15 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Кийинки күнү алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-беренеси "ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, бардык жагдайлар иликтенүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.
Буга чейин бала баш мээсинен жабыркаганы, 26-апрелге караган түнү саат 04:00 чамасында каза болгону маалым болгон.