Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү митинг-реквием өттү

Бишкек шаарында жайгашкан Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган митинг-реквиемде согушта курман болгондорду эскерип гүл коюшту.

Боордоштор көрүстөнүндө жалпысынан 248 Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сөөгү коюлган. Аларга бир мүнөттүк эскерүү болуп, андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды. Өзүнүн тынчтыкка чакырган сөздөрү менен каалоо-тилектерин айтып келген ардагерлерден сырткары бул жерге Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко, Беларустун Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Андрей Страчко жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов катышты.

Толугу менен видеодон көрүңүз.

Бүгүн Ата мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү митинг-реквиеми өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан