Жаңы Конституция. Иш сапарлары. Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 100 күн толду

Бүгүн, 8-майда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 100 күн толду. 28-январда президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өткөн. Анда мамлекет башчы оор мезгилде президент болуп келгенин айткан. 30 жыл бою топтолгон 5 миллиард долларлык ички, сырткы карызды толук төлөө, пандемия, энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолгон. Ошондуктан анын алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багыттала турганын белгилеген.

Ошол күнү SUPER.KG порталы "Садыр Жапаров "президенттик кызматка келишим өлкөдөгү оор мезгилге туш болду" деп айтты. Ал эми эл абал бат эле оңолот деп күтүп да, ишенип да жатат. Жапаров ага ишенгендердин үмүтүнө суу сеппөө үчүн ишин тез арада кандай кадамдардан башташы керек?" деген собол салган.

SUPER.KG порталы Садыр Жапаровдун 100 күндө жасаган иштери тууралуу тизмектейт.

Өкмөттүн жаңы түзүмү куралган
Февраль айынын башында эле өкмөттүн жаңы курамы түзүлдү. Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылып, президент Садыр Жапаров ага кол койгон.

Жаңы өкмөттүн курамы:

  • Премьер-министр — Улукбек Марипов;
  • Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
  • Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чынбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

Президенттин чет мамлекеттерге болгон иш сапарлары

Садыр Жапаров алгачкы иш сапарын Орусияга баруу менен баштаган. Ал жактан Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, бир канча маселелерди талкуулашкан.

Андан кийинки сапарлары Казакстанда жана Өзбекстанда уланган. Аталган өлкөлөрдүн дагы башчылары менен жолуккан.

Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров 29-январда беш жарлыкка кол койгон.

Мамлекет башчысы жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана дене тарбиясы, жаңы кадрдык саясат, менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жаңы Баш мыйзам

5-майда Кыргыз өлкөсүнүн Конституция күнүндө Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Иш-чарага мурунку президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышты.

Иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сөз сүйлөп, жаңы мыйзам долбоору кабыл алынганын билдирди.

Ага ылайык, референдумга добуш бере турган жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 пайызы (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32 пайызы (1 048 660) Кыргыз өлкөсүндө президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 пайызы (181 370) каршы добуш берген.

Өкмөттүн курамы министрлер кабинетине айланды

Президент Садыр Жапаров 5-майда 11-апрелде референдум аркылуу кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесине ылайык, "Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

  • Министрлер кабинетинин төрагасы - Улукбек Марипов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары - Артём Новиков;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри - Улукбек Кармышаков;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Жылдыз Бакашова;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри - Азамат Дыйканбаев;
  • Коргоо министри - Таалайбек Өмүралиев;
  • Тышкы иштер министри - Руслан Казакбаев;
  • Юстиция министри - Асел Чынбаева;
  • Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри - Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Билим берүү жана илим министри - Болотбек Купешев;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри - Кайрат Иманалиев;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри - Бообек Ажикеев;
  • Ички иштер министри - Улан Ниязбеков;
  • Транспорт жана коммуникациялар министри - Гүлмира Абдралиева;
  • Энергетика жана өнөр жай министри - Кубанычбек Турдубаев;
  • Айыл, токой жана суу чарба министри - Аскарбек Жаныбеков;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри - Алмамбет Шыкмаматов;
  • Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы - Динара Кутманова;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Камчыбек Ташиев.
Президенттин администрациясы түзүлдү

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 11-апрелдеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында президенттин администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

  • Сүйүнбек Касмамбетов - президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Медербек Сатыев президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Бектур Зулпиев Рысбаевич - президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Жеңишбек Асанкулов президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан