УКМК: "Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы пара боюнча кармалды"

Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы пара боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы К.У.А. кармалды. Жогорудагы жогорку кызмат адамы 2020-жылдын декабрында жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң доллар өлчөмүндө пара алган. Мындан тышкары, аталган кызматкер К.У.А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган, анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы бар.

7-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда зарыл болгон тергөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ErkinOkenovich
2021-05-08 12:44:58
Кайран гана ,буга чейин канча адамдарды сыздатып келди экен.өздон чыккан өрт болуп.
+1
PFC-CSKA
2021-05-08 13:29:28
Ушул пара алгандар ошол акча менен уй булоосун баккандан жийкенбейби эч тушуно албайм ошолорду.кантип уйуно нан, сут балдарына таттуу алып барат?арам тамак менен чонойгон балдардан жакшы адам чыкпайтко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан