Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады.

Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат - жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар курулат.

Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан