Марат Иманкулов Коопсуздук кеңештин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин бул кызматты Рыскелди Мусаев аркалап келген.
Марат Иманкулов 2011-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.