Чаткалда эл алтын казган компанияларга нааразычылыгын Токон Мамытовго билдиришти
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы жергиликтүү тургундар вице-премьер-министр Токон Мамытовго алтын казган компанияларды эсепке алууну өтүнүштү. Бүгүн, 23-октябрда Токон Мамытовдун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорундагы калктын социалдык абалы жана чек ара маселелери боюнча иш сапары башталды. Чаткалдан Ала-Букага бара жаткан жергиликтүү эл вице-премьерге көйгөйлөрүн айтышты. Кашка-Терек айылынын тургуну Уларбек Сапаров Чаткал менен Ала-Буканы байланыштырган бир гана жол бар. Бирок Чаткалда алтын казып жаткан "Кыдыр-Ата" компаниясы чалгындоо максатында ошол жалгыз жолубузду бузушуп, элге жаңы жол салып беришкен. Учурда биз жерди айланып өтөбүз. Элди кооптондурганы ушул жол маселелери болууда. Анын айтымында, район боюнча 17 чет элдик компания алтын казып, чалгындап иштешет. Анын ичинен 7-8и кытайлык компаниялар.