Биз социалдык тармакта

Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат

Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары - Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы 31-майдан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачууну пландаштырып жаткандыгын билдирет.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы 1 саат 15 мин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazira...
2021-05-08 19:07:02
Мынча жакшы, Оштон деле ачып койсо сонун болот эле.
+1
bond02
2021-05-08 20:08:27
Алай Арыстан дегендей угулат экен.
0
Rifle_I
2021-05-08 20:58:24
Түркстаны кайсы мамлекет?
Туркиябы же Туркменистанбы? Же Кытайдагы автономиялык Түркстанбы?
-3
Nur-sultan
2021-05-08 23:02:10
Rifle_I,географиялык билим ал. Гуглит этип издесен деле табасын азыр
+3
sabirdinovich
2021-05-09 08:57:53
Rifle_I, Казакстан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан