Биз социалдык тармакта

Путин Жеңиш күнү менен өлкө лидерлерин жана жарандарды куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Жеңиш күнүнө карата өлкө лидерлерине жана жарандарга куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, куттуктоо Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргыз мамлекетинин, Молдавиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Абхазиянын, Түштүк Осетиянын ошондой эле Грузиянын жана Украинанын лидерлерине жана жарандарына жөнөтүлдү.

Орусиянын мамлекет башчысы куттуктоосунда "бул күнү биз өзгөчө сыймыктануу жана ыраазычылык сезими менен душмандарга каршы эр жүрөктүк менен күрөшүп, тылда жан аябастык менен эмгектенген аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдигин сыйлайбыз" деп баса белгиледи.

"Бүгүн биздин моралдык милдетибиз ошол катаал жылдардагы окуяларды кийинки муундардын эсине салып, аяр сактоо. Тарыхты бурмалоого жана жасалмалоого кандай аракеттер болбосун, буга баарыбыз биргеликте каршы турушубуз керек", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-05-08 19:09:22
Украина менен Грузияны куттуктаган жок.
0
Jelezo
2021-05-08 23:20:33
Грузияны кыргыздар кошуп койду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан