Ыргал Кадыралиева:"Кыргызстанда 8 миң баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жана бул сан өсүүдө"

"Учурда Кыргызстандын аймагында 8 миң баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок" -деп билдирди 22-октябрда отурумда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Ыргал Кадыралиева. Анын сөзүнө караганда бул сан айдан-айга өсүүдө. "Өзүңүздөр билгендей, бул балдардын арасында депутаттын, министрдин, байдын бир да баласы жок. Бул 8 миң  баланын баары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. аянычтуусу бул сан улам өсүүдө. Мисалы, февралда Кара-Суу районунда изилдөө жүргүзүшүп, 1 миң 600 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталган. Бул сан 1-сентябрга карата 1 миң 900 баланы түзгөн",- деп билдирет Ы.Кадыралиева. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан