Казакстанда дагы бир жаран коронавирустан каза тапты. Бардыгы болуп 6 адам көз жумду

Бүгүн, 5-апрелде коңшу Казакстандын дагы бир жараны коронавирус инфекциясынан көз жумду. Маркум Шымкент шаарынын 56 жаштагы тургуну болгонун казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, каза болгон адам оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон. Ал Москва шаарынан Алматыга келе жатып өзүн жаман сезе баштаган.

"Ал 3-апрель күнү унаа айдап бара жатканда дене табы көтөрүлө баштайт. Ошол маалда анын жанында 1988-жылы туулган баласы болгон. Атасынын ден соолугу начарлап баштаганда, уулу аны Шымкент шаарынан түшүрүп, "Тез жардам" кызматын чакырган. Инфекциялык ооруканага түшкөндөн кийин бейтапка сол тараптуу пневмония диагнозун коюшуп, мындан тышкары коронавируска дагы тест алышат. Ошол эле 3-апрель күнү бейтаптын COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталат. Ал адам ооруканага түшкөндө эле жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылат. Интенсивдүү терапия маалында бейтаптын жүрөгү токтоп, дарыгерлер аны кайра жандандыра алган эмес. Ошентип ал 5-апрель күнү коронавирус илдетинен каза тапканын Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктаган", - деп жазышат маалымат булактары.

Маалым болгондой, маркум менен байланышта болгон анын 32 жаштагы уулу изоляцияга алынган.

Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 551 адам болду. Анын ичинен 6 адам каза тапса, 36 адам айыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан