Жалал-Абад облусунда күндүзгү стационар үчүн 1246 орун даярдалды

Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө күндүзгү стационар үчүн 1246 орун даярдалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Азыркы учурда Жалал-Абад облусу боюнча жалпы орундуктардын саны – 399, мындан сырткары ооруканада кошумча – 854 орун даярдалган.

Ошондой эле, күндүзгү стационарларда бейтаптарды кабыл алуу үчүн 1 миң 246 орун даярдалды.

Облус боюнча 372 кычкылтек концентратору бар. Алардын ичинен 4 кычкылтек концентратору Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов тарабынан сатылып алынган. Жакын арада кычкылтек концентраторлору демөөрчүлөр тарабынан дагы алынары күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан