Бүгүнкүгө карата Бишкек шаарында жайгашкан ооруканаларда коронавирус илдети менен жабыркагандар үчүн 81 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Төмөнкү ооруканаларда бош орундар бар:
Улуттук хирургия борбору - 1;
Республикалык инфекциялык оорукана - 21;
№2 клиникалык төрөт үйү - 5;
Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь - 21;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 9;
Чүй облустук бириктирилген ооруканада - 7;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 9;
Улуттук онкология жана гематология борбору - 8;