Жол кыймылынын эрежесин бузуп, жол кырсыгына кабылгандардын уруксат кагазы артка кайтарылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде онлайн маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
"Аба ырайы жылуу болуп, баарыбыз эшикке чыккыбыз келип турат. Ошентсе да, коюлган талаптарды аткарып, үйдө болуңуздар. Азыркы учурда шаардын көчөлөрү бош жана унаалардын саны аз, ошондон пайдаланып жогорку ылдамдыкта унааны айдап, жол кырсыктарына кабылып жатасыңар. Силерге уруксат кагазы бул үчүн берилген эмес. Эгерде кимде ким жол кыймылынын эрежесин бузуп, жол кырсыгына кабылса, берилген уруксат кагазы артка кайтарылат", - деди Орозалиев.