5-июлга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

Өлкөдө бир суткада COVID-19 илдетинен 88 жаран айыкты делинип ооруканалардан чыгарылды. Анын ичинен 10у медицина кызматкерлери.

Коронавирус инфекциясын дагы 283 адам жуктуруп алганы аныкталды. Баары оорулуулар менен байланышта болгондор. Анын ичинен 32си ак халатчандар экени маалым болду.

Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 10 жаран каза болду.

Өкмөт 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды, алар бүгүн чартердик каттам менен Кытай Эл Республикасынан алып келинди.

5-июлда Ошко чартердик каттам менен Орусиядан 343, ал эми Бишкекке 424 Кыргыз жараны кайтып келишти.

Чүй облусунун аймагында 21 стационар ачылып, анда курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо, ийне саюу, көрсөтмө-кеңештерди берүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Депутат Алтынбек Сулайманов Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө келип жардам бере турган дарыгерлердин чыгымын мойнуна алды.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду, 23-июнду, 24-июнду, 25-июнду, 26-июнду, 27-июнду, 28-июнду, 29-июнду, 30-июнду, 1-июлду, 2-июлду, 3-июлду, 4-июлду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан