Ош облусунун Кара-Кулжа районунда бир нече айылды суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Кара-Кулжа районунда 11-май күнү саат 05:20 чамасында жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары “Жаңы-Моңол” жана “Эски Моңол” каналдарынан ашып, Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарда жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун каптаган жана Мырзаке-Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолу кум шагылга толуп калган.
Жеринде ӨКМнын Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 өрт өчүрүүчү унаа, айыл аймактан 3 жүктөгүч жана 5 экскаватор тартылган. Куткаруучулар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолун ачып, учурда жабыркаган айылдарды тазалоо иштери уланууда.