"Кумтөр Голд Компани" ЖАКта орун алган эки окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж.Ж. менен тоо бөлүмүнүн адиси О.И. жер көчкүнүн астында калып каза болгон.
"Быйыл, 15-февралда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кенинде экскаватордун 1996-жылы туулган айдоочусу И.Ж. иш учурунда экскаватор менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.
Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси ("тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча катталган.
3-майда Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл ОИИБинин Тергөө кызматына мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл ОИИБинин Тергөө кызматы 12-май күнү саат 11:00гө күбө катары төмөндөгүлөрдү чакырган. Саймон Тан - “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каржы боюнча директору, Деон Баденхорст - “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын президенти, Арипин Буман - “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору.
Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча, “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгып кеткен", - деп жазылат маалыматта.