Туратбек Мадылбеков, депутат: "Зарылбек Рысалиев депутаттарды айыптаса, алардын күнөөлөрүн далилдесин"

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевге "ата мекенчи" депутаттарды талап-тоноо ишине катыштыгы бар деп далилдеши үчүн жакшы кызмат сунушташкан". Бул сөздү 22-октябрда парламенттеги маалымат жыйында депутат Туратбек Мадылбеков айтты. Депутат З.Рысалиев азыркы аракеттерин кызматта калуу үчүн жасап жатканын кошумчалады. 

"Рысалиев канчалык аракет кылса да эч нерсени далилдей албайт. Ал депутаттарды айыптаса, анда алардын күнөөлөрүн далилдесин. Жалпы үстүртөн айтып, ар кандай видеотасмаларды даярдап жатат",- деди Мадылбеков.  

  

Мадылбеков 7-апрель окуясы боюнча айыпталып абакта жаткан Абдулла Юсуповду Жаныш Бакиевдин кол баласы болгонун айтты. "Юсупов аман-эсен болуп, эч жакка кетпесе, бир күнү бардык чындыкты айтып берет. Бул ишке кайсы бир аткаминер аралашып жүргөн болушу мүмкүн",- деди депутат. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан