Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 1 учур кызыл зонада катталды.
Бишкек - 4
Чүй облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 1
Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 миң 511 учур катталды, алардын ичинен 4 миң 446 медкызматкер сакайды.