Саналуу күндөрдөн кийин "Манас" эл аралык аэропорту ички каттамдарды жандантат. Анда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында бир катар эрежелер түзүлдү. Ага ылайык, башка аймакка уча турган жүргүнчүлөргө төмөндөгүдөй талаптар коюлат.
"Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун аэробекет комплекстеринин имаратында буларга гана кирүүгө болот:
Жүргүнчүлөрдү узатуучулар же тосуп алуучулар аэропорттун аймагына убактылуу киргизилбейт.
Жүргүнчүлөр каттоо башталардан 2 саат мурда келиши керек. Учактын учарына 40 мүнөт калганда каттоо башталат.
"Мекеменин ичине кирерде жүргүнчүлөр жана алардын жүктөрү дезинфекциялоочу туннелден өтөт. Мындан тышкары жарандардын дене табы текшерилет. Жарандар сөзсүз түрдө бет кап тагынып, социалдык аралыкты (1 жарым, 2 метр) сактап, жеке гигиеналык талаптарды аткарышы шарт. Эгерде жүргүнчүдө клиникалык оорулардын белгилери (дене табы жогору болуп, жөтөлсө, дем алуусу кыйындаса, чыйрыкса жана башка белгилер болсо) байкалса ал ооруканага жеткирилет".
Ал эми учуп келген жарандарга коюлган талаптар:
Учуп келген жарандар жана алардын жүктөрү дезинфекциялоочу туннелден өтөт;
Жарандардын дене табы текшерилет;
Аэропорттун ичине кирүүдө коргоочу бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоо, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу шарт;
Оорунун клиникалык белгилери байкалса жүргүнчү ооруканага жеткирилет.