Борбордук Азия – Кытай тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусу жыйынтыкталды

12-майда Кытайдын Сиань шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда "Борбордук Азия – Кытай" форматында тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий өз ара ишенимди бекемдөө, өз ара пайдалуу аймактык кызматташтыкты мындан ары илгерилетүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, транспорттук байланышты илгерилетүү жана үзгүлтүксүз сооданы камсыз кылуу, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана мезгилдин чакырыктары менен коркунучтарына каршы туруу үчүн мамилелерди тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашкан.

Анда дүйнө жүзүндө болуп жаткан COVID-19 коронавирус инфекциясынын контекстинде тараптар Кытайдын коронавирус пандемиясын алдын алуу, эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жаатындагы жетишкендиктерин жогору баалап, коронавируска каршы күрөштө БА өлкөлөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн Кытайга ыраазычылыктарын билдиришкен.

Казакбаев Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттарынын тез арада толук кандуу иштешине үмүт артып, аймактык соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу үчүн транзиттик жүк ташуу үчүн жашыл коридорлордун натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле кыргыз тарап "Санарип Жибек жолун" биргелешип куруу жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү жаатында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар. Ушуга байланыштуу Кыргыз мамлекети тышкы саясат ведомствосунун башчысы тараптарга Кыргыз мамлекетинин жаңы жетекчилиги тарабынан инвестициялык климатты жакшыртуу жана Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан