Ырчы Нияз Абдыразаковдун "Армансыз сүйүү" аттуу ыры тартууланды. Ырдын сөзү Кылыч Орозбековго, ал эми обону Ильяз Абдыразаковго таандык. Ырчынын айтымында, учурда ал Казакстанда жүргөндүктөн, ыр ошол жактагы студиялардын биринен иштелип бүткөн. "Жакынкы күндөрдө клип тартууга ниет кылып, даярдык көрүп жатабыз",-дейт Нияз Абдыразаков.