Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алды.
Буга чейин аталган комиссия үч партияны шайлоодон четтеткен. Алар КЭДП, "Эмгек" жана "Ак-Бата" партиясы.
"Ак-Бата" партиясынын лидери Нариман Түлеев алардын партиясын шайлоодон четтеткенине макул эместигин билдирди. Ал сотко кайрылбай турганын белгиледи.
"Ак-Бата" партиясы жана мен жаңы шайлоого даярбыз. Биздин саясий уюм туура эмес ыкмаларды колдонгон талапкерлерден тазаланат. Эми талапкерлер дагы, жөнөкөй жарандар дагы таза эмес, ыплас шайлоо убагы бүткөнүн билишет", - деп жазылат кайрылууда.