7-май күнү Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир болуп өттү.
Анда кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмак ченинде жалпы 2 лицензия ойнотулуп, аны монголиялык Хурелхуугини Болортуяа жана орусиялык Любовь Овчарова жеңип алышты. Муну менен 62 килограмм салмакта байге үчүн жалпы 16 балбан кыз ат салышмай болду.
62 килограмм салмакта Кыргыз өлкөсүнүн атынан Олимпиадага белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова катышат. SUPER.KG порталы кыргыз балбан кызынын Олимпиададагы атаандаштарынын жетишкендиктерине кызыгып көрдү.
1. Тайбе Юсеин (Болгария);
Жашы: 30;
Жетишкендиктери: 2018-жылы Будапештте өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын, 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон. Европа чемпиондугунда 2 жолу алтын, 2 жолу күмүш жана 2 жолу коло медаль уткан.
2. Хенна Юханссон (Швеция);
Жашы: 30;
Жетишкендиктери: Эки жолу Дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынган ("Москва 2010"), ("Нур-Султан-2019"), 2012-жылы Белградда өткөн Европа чемпиондугунда жеңүүчү аталган.
3. Юкако Каваи (Япония);
Жашы: 23;
Жетишкендиктери: 2018-жылы Будапешт шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш, 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган. Былтыр Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда чемпион аталган.
4. Марианна Шаштин (Венгрия);
Жашы: 37;
Жетишкендиктери: 2013-жылы Будапештте өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын уткан. 2015-жылы Европа оюндарында алтын, Европа чемпиондугунда 5 жолу коло, 1 жолу күмүш медаль уткан.
5. Лаис Нунес (Бразилия);
Жашы: 28;
Жетишкендиктери: "Рио-2016" Олимпиадасынын катышуучусу жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси.
6. Кайла Миракл (АКШ);
Жашы: 25;
Жетишкендиктери: 2017-2018-жылдары АКШнын чемпиону, 2018-жылы Швецияда өткөн "Klippan Lady Open" турниринин жеңүүчүсү.
7. Ирина Коляденко (Украина);
Жашы 22;
Жетишкендиктери: 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш (65 кг), былтыр Рим шаарында өткөн Европа чемпиондугунда коло жана быйыл Варшавада өткөн Европа чемпиондугунда алтын уткан.
8. Анастасия Григорьева (Латвия);
Жашы: 31;
Жетишкендиктери: 4 жолу Европа чемпиону аталган ("Баку-2010", "Тбилиси-2013", "Вантаа-2014", "Рига-2016"), 2019-жылы Минск шаарында өткөн Европа оюндарында чемпион аталган.
9. Марва Амри (Тунис);
Жашы: 32;
Жетишкендиктери: "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан (58 кг), 2017-жылы Париж шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгон.
10. Аминат Адени (Нигерия);
Жашы: 28;
Жетишкендиктери: 2014-жылы Шотландияда өткөн "Шериктештик" турниринде алтын медаль уткан. Бир нече жолку Африка чемпиону.
11. Сонам Малик (Индия);
Жашы: 19;
2018-жылы кадеттер арасындагы Азия чемпиондугунда коло, 2019-жылы кадеттер арасында дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон.
12. Любовь Овчарова (Орусия);
Жашы: 25;
Жетишкендиктери: 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш, 2016-жылы Бухарестте өткөн Европа кубогунда алтын уткан. 2017-жылы Европа чемпиону аталган.
13. Хурелхуугини Болортуяа (Монголия);
Жашы: 23;
Жетишкендиктери: 2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону болгон. Ушул эле жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынган (55 кг).
Бул салмак категорияда байге үчүн 16 балбан кыз ат салышат. Анда түндүк кореялык спортчулар Олимпиадага катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу жолдомо уткан Рим Жонг Син тизмеден чийилди. Учурда анын жолдомосу кимге берилери белгисиз. Ал эми Лонг Жиа аттуу кытайлык балбан тууралуу азырынча маалымат жок.
Бул салмак категорияда чүчү кулак 2-август күнү өтөт.