Бүгүн, 13-майда Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда турмуш-тиричиликке байланыштуу пикир-келишпестик жаралып мушташа кетишкен. Натыйжада эки өлкөнүн чектеш айылынын эли чек арага топтолгон.
Окуя болгон жерге Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын өкүлчүлүктөн кабарлашты.
"Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери жеринде териштирүү ишин башташты", - деди маалымат катчы.