Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргыз-Ооган эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Кыргыз-Ооган өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү жана башка маселелер жөнүндө сөз болду.
Ошондой эле тараптар күн тартибинде турган эл аралык жана аймактык маселелердин актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.
Садыр Жапаров менен Мохаммад Ашраф Гани бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, кыргыз эли менен Ооганстан элине бардык жакшылыктарды каалашты.