Жогорку Соттун төрайымы Баткен облусунун судьялары менен жыйналыш өткөрдү

Бүгүн, 13-майда Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары менен Баткен шаарында жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Төрайым 5-майда президент Конституциянын жаңы редакциясына кол койгондугун, ага ылайык сот тутумунун ишин жөнгө салган бардык мыйзамдар өзгөрүүгө дуушар болорун белгиледи.
Башка жергиликтүү соттор менен бирге эле Баткен облусунун сотторунан тийиштүү мыйзамдарга сунуш-пикирлер Жогорку Сотко келип түшкөндүгүн, учурда жумушчу топ аларды талкуулап жатышкандыгын билдирди.
Референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, бардык кызмат адамдары жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну улантат деп көрсөтүлгөн.
Демек, бардык облустардын, район менен шаарлардын төрагалары жана орун басарлары жаңы Баш мыйзамга ылайык дайындалышы керек. Конституциянын 95-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жергиликтүү соттордун төрагалары жана орун басарлары Жогорку Соттун төрагасы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.
Нургүл Бакирова төрагаларды кайра дайындоодо сөзсүз түрдө соттук иштердин сапаты эске алынарын белгиледи. Ошондуктан иштердин сапатын жакшыртууга судьялар өзгөчө көңүл буруш керек экендигин кошумчалады.
Ошондой эле соттордун жүктөмү, судьялардын эмгек тартибин сактоо маселеси талкууланды.
Төрайым сотторду жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып барып, калктын укуктук жактан сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди көрүү керектигин айтты.
Жогорку Соттун төрайымы жергиликтүү соттордун бир катар суроолоруна жооп берип, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга бардык аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан