Америкалык поп ырчы жана актриса Женнифер Лопес мурунку жигити Бен Аффлек менен дем алыш күндөрүн чогуу өткөргөнү коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Жалпыга маалымдоо каражаттары алардын сүйүү мамилелерин тастыктаган сүрөттөрдү жана башка деталдарды да жарыялашкан. Алар 17 жыл мурун сүйлөшүп жүрүп, белгисиз себептерден улам эки башка жол менен кетишкен. 51 жаштагы ырчы менен 48 жаштагы актёрдун кайрадан тутанган сүйүү романы канчага чейин уланарын убакыт көрсөтөт. Ал ортодо жылдыздуу түгөйлөрдүн сүйүү романы кандай башталганын эстеп көрөбүз.
17 жыл мурун таанышкан түгөйлөр ошол учурда коомчулуктун сүймөнчүгүнө айланган. Күйөрмандары Бен менен Женниферди бир адам катары кабыл алып, аларга Беннифер деген ысым беришкен. Атүгүл, ырчы менен актёрдун ортосундагы мамиленин өрчүшүнө өтө кызыгуу менен байкап турушкан. Жубайлар баш кошуп жаткандыгын жарыялашканда күйөрмандары абдан кубанышкан. Бирок той болгон эмес. Анткени Бен менен Женнифер аны той болоруна аз калганда токтотуп коюшкан. Андан кийин алар бир нече убакыт бирге болуп, кийинчерээк мамилелери биротоло үзүлгөн.
Женнифер Лопес менен Бен Аффлек 2002-жылы "Джильи" тасмасын тартуу учурунда таанышып, көп өтпөй сүйлөшө башташкан.
Бир нече айдан кийин, алар ырчы айымдын "Jenny from the Block" аттуу ырынын клибине чогуу тартылышкан.
2002-жылы ноябрь айында алар өз ара макулдашып, 2003-жылдын сентябрь айында үйлөнүү тоюн өткөрүүнү пландашкан.
2002-жылы декабрь айында түгөйлөр Нью-Йоркто Женнифер Лопес башкы каармандын образын жараткан "Госпожа горничная" тасмасынын бет ачарына чогуу келишкен. Ошол күнү түгөй катары кызыл килемден өтүп, дебют жасашкан.
2003-жылы январда Юта штатындагы "Сандэнс" кинофестивалына чогуу катышкан. Андан кийин да бир нече ирет оюн-зоокторго бирге келишип, күйөрмандарын кубантууну улантышкан.
Кийинки айда алар Оскар сыйлыгын тапшыруу аземине келип, кызыл килемде чогуу сүрөткө түшүшкөн.
Июлда экөө таанышкан "Джильи" тасмасынын бет ачарында укмуштуудай бактылуу сезилген.
Сентябрь айында Женнифер менен Бен үйлөнүшү керек болчу. Бирок алар той күнүн жылдырганын жарыялашкан.
Муну алар: "Үйлөнүү үлпөтүбүзгө ЖМКлар абдан көңүл бургандыктан күндү жылдырууну чечтик. Папараццичилерди алаксытуу үчүн үч кызды жалдап, келиндин образын ойнотолу дегенбиз. Бирок бир нерсе туура эмес болгонун билдик. Жашообуздагы эң бактылуу күнгө коркунуч туулушу мүмкүн деп ойлодук. Биз жана жакындарыбыз үчүн эң кубанычтуу күндү бузуп албайлы дедик, - деп түшүндүрүшкөн.
Ошол эле учурда тойдун датасы кайсы убакка жылганын ачыкташкан эмес. Той артка жылдырылганы менен, түгөйлөр жолугушууну улантып эл алдына чогуу чыгып жүрүшкөн.
2004-жылдын январь айында алардын мамилеси биротоло токтогону белгилүү болгон. Муну ырчы айымдын жакын досу тастыктаган. Себеби айтылган эмес. Бен жана Женнифердин өздөрүнүн айтымында, медианын ашыкча көңүл бурганы алардын мамилесин солгундатып жиберген.
Эскерте кетсек, январь айында Бен Аффлек менен актриса Ана де Армас сүйлөшпөй калганы белгилүү болгон. Ал эми апрель айынын ортосунда Женнифер Лопес сүйүктүүсү Алекс Родригес менен болгон сүйүү мамилесин расмий түрдө токтоткон.