Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы декабрь айында милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси жай мезгилинде Honda Stream үлгүсүндөгү баасы 6 миң 500 доллар турган унаасын чала тааныш адамга ижарага берсе, ал убада кылган акчаны бербестен, унааны үчүнчү жактарга күрөөгө берип изин суутуп кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Милициядан учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.