Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарында терезеден кулап кеткен 10 жаштагы кыргыз кызынын абалы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 11-май күнү 10 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен кулап кеткен.
"Кыз алган жаракаттардын негизинде жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы оор, жакынкы арада операция жасоо пландаштырылууда. Учурда кыз өз алдынча дем алып жатат. Бул маселе учурда элчиликтин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.