Бишкекте Лейлек килемдерин сатуу-көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде 25-октябрдан 5-ноябрга чейин "Лейлек килемдеринин" сатуу-көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тарых музейдин маалымат кызматы маалымдайт. Көргөзмөдө Баткен облусунун Лейлек районунда жасалган килемдердин 40 түрү көрсөтүлөт. Каалоочулар килемдерди сатып ала алышат. Ошондой эле көргөзмө учурунда килем согуу өнөрчүлүгү боюнча мастер-класс өткөрүлөт. Көргөзмөнүн уюштуруучулары - КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик тарых музейи жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан