Чүйдүн Лебединовка айылынан 26 жаштагы кызды уурдоо фактысы боюнча изделип жаткан жигит милиция бөлүмүнө өзү келди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, издөө иштери жүрүп жатканда 12-май күнү саат 20:00дөр чамасында 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров жактоочусу менен бирге Аламүдүн райондук милициясына келген.
"Тергөө кызматы бардык зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзгөн соң, жигит бошотулган. Белгилей кетүүчү жагдай, 1995-жылы туулган жабырлануучу кыз учурда уурдалбаганын билдирип, уурдоо фактысы боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бүгүнкү күндө, иштин бардык жагдайларын тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.
Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.
6-май күнү кечинде социалдык тармактарда уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энесине кайрылуу жасаган видео тараган.
Кыз 7-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ал эми аны уурдоого шектүү жигит табыла электиги кабарланган.