Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө комада жаткан белгисиз аялдын ата-энеси табылып, аны Бишкекке алып кетишти

Ысык-Көл районунда комада жаткан белгисиз аялдын ата-энеси табылып, аны Бишкекке алып кетишти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Кыздын ата-энеси табылып, аны Бишкекке жашаган жерине алып кетишти. Ата-энесинин айтымында, ал азыр Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат жана анын абалы канааттандырарлык. Ысык-Көл райондук милициясы жогорудагы окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип, кыздын аты-жөнүн аныктоого активдүү катышкан ар бир адамга терең ыраазычылыгын билдирет", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Ысык-Көл районунун милициясы комада жаткан белгисиз аялдын аты-жөнүн аныктоого жардам сурап кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан