"Мурда соттолгон". Бишкекте апасы менен кызынын өлүмүнө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Бишкекте эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-май күнү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын изине түшүшкөн. Натыйжада жогорудагы кылмышка шектелип, Ысык-Көл облусунун 2005-жылы туулган тургуну кармалган. Ал мурда соттолгон.

"Шектүү бала мыйзамдуу өкүлү жана жактоочусунун катышуусунда сурак берди. Ошондой эле кылмыш ишине далил катары буюмдарды өткөрдү, алар тийиштүү документтерге тиркелген. Мындан сырткары шектүү Ысык-Көл облусунда 7-классты аяктагандан кийин 2018-жылдан бери Токмок шаарында жашап келгени белгилүү болду", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

12-май күнү 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына шаардагы Жибек жолу жана Ибраимова көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар болушкан.

SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барганда туугандары жана кошуналары маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Кийин биздин порталга өздүк булак маркум аялдын 2 кыз,1 уулу бар экендигин жана баласы буга чейин укук коргоо органдарында иштеп, кийин чет өлкөгө иштегени кеткенин айтып берген. Ошондой эле аларды коркутуп жүргөндөр бар болгонун кошумчалаган.

Ошондой эле, буга чейин өздүк булактар шектүү маркум кыз менен уруша кетип, натыйжада ага болушкан апасы менен кошо кызды бычактап салганын айтып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aiymkan89
2021-05-14 21:06:00
Логика каякта? Кыз 30да, апасы 63.Бала 16?
+3
elmira.
2021-05-14 23:48:10
Кандай кучу жетти деймда экооно жаш баланын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан