Чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселесине арналган конференциясы өттү

Депутат Экмат Байбакпаев чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселесине арналган конференцияга катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз жарандарын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу, анын жүрүшүндө келип чыккан кыйынчылыктар менен көйгөйлөр темасындагы баяндамалар угулду. Андан тышкары, катышуучулардын талкуусуна чет өлкөгө иштегени кетип жаткан жарандарды даярдоо боюнча бирдиктүү борборду түзүү, жумушка орноштуруу боюнча көмүскө иш алпарган компанияларга каршы иштиктүү чараларды көрүү, көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында алдамчы жумуш берүүчүлөр жана алардын өнөктөштөрү менен байланышта болгон чет өлкөлүк фирмаларды текшере турган бирдиктүү маалымат борборун түзүү, жумуш издегендердин жумушка орношуу чыгымдарын көтөрүү, визаларды жол-жоболоштуруу, жумуш издегендерди каржылоо боюнча микро насыялык компаниялар менен келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер коюлду.

"Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруунун татаалдыгы жана чектелгендиги. Аларды чечүү жолдору" темасындагы конференция Жогорку Кеӊештин төрагасына караштуу бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин жана миграция, чет өлкөлөрдөгү мекендештер жана диаспоралар маселелери боюнча кеӊештин демилгеси менен, ошондой эле жеке жумуш орду менен камсыз кылуу агенттиктеринин ассоциациясынын катышуусунда уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан