Билим берүү процессин өнүктүрүүнүн жаңы моделинин жол картасын талкуулоо боюнча көчмө жыйын болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында "Университет 4.0" билим берүү процессин өнүктүрүүнүн жаңы концептуалдык моделинин жол картасын талкуулоо боюнча көчмө жыйын болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешме Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде республикадагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес университеттердин ректорлорунун жана өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Кеңешменин алдында Жылдыз Бакашова 3Д моделдештирүү, санариптик өндүрүш боюнча окуу лабораторияларынын иши менен таанышып, университеттин студенттери тарабынан уюштурулаган көргөзмө менен таанышты.

Андан соң өз баяндамасында белгилегендей, билим берүүнү уюштуруунун башка тутумуна өтүүгө мезгил жетти жана «Университет 4.0» билим берүү модели жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк талабына толугу менен жооп берет.

"Төртүнчү муундагы университет – бул рыноктун кыймылдаткычы, экономикалык өсүштүн, иштиктүү экономиканын негизи", - деди Жылдыз Бакашова.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, заманбап билим берүү тутуму ыкчам маалыматтык өнүгүүдөгү коомчулуктун чакырыктарына жооп бере албайт.

"4.0 индустриясы билим берүү процессинин парадигмасын кайрадан карап чыгууну талап кылат. Заманбап университет атаандаштыкка туруктуу интеллектуалдык менчик түзүү менен алектениши керек, технологияларды жана технологиялык компанияларды активдүү түзүү, жогорку окуу жайлардын өнөктөштөрү менен алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жаңы технологиялык тармактарды түзүүнүн лидери жана борбору болуусу керек", - деди Жылдыз Бакашова.

"Сунушталып жаткан моделдин өзгөчөлүгү – анын практикалык мааниси болуп саналат. Жалпыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасындагы билим берүү тутуму маалыматтык өнүгүүдөгү коомчулуктун чакырыктарына жооп бере албай жатат. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн концепциялар иштелип чыккан, бирок алардын көбү кагаз жүзүндө калды. Биз аталган концепцияны иш жүзүнө ашыруу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшообуз керек", - деди Жылдыз Бакашова.

Жылдыз Бакашова жолугушууда айтылган бардык сунуштар жана сын-пикирлер эске алынарын айтып, ЖОЖ өкүлдөрүн Кыргыз Республикасындагы билим берүү процессин сапаттуу өзгөртүү боюнча бирдиктүү максатка биригүүгө үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан