Бишкекте "Бишкек-2013" эл аралык 21-көргөзмө-жарманкеси өтөт
Эртең, 23-октябрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордодо «Бишкек-2013» универсалдуу эл аралык 21-көргөзмө-жарманкесинин ачылышы болот. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы маалымдады. Көргөзмөдө Кыргызстан, Орусия, Шри-Ланка, Түркия жана башка өлкөлөрдөн 70ке жакын фирма жана компаниялары катышат. Экспонаттар “Бишкек-2013” көргөзмөсүнүн алтын медалы үчүн ат салышат. Жарманке күн сайын 10:00дөн баштап 18:00гө чейин иштеп, 27-октябрга чейин уланат.