"Ишкананы кайра түзүү жагымсыз жагдай жаратат. Эгер биз жаңы келишим түзсөк инвесторлор үчүн да жакшы болмок. Бул Кыргызстан инвесторлор менен иштешүүгө даяр экенин көрсөтөт",- деди Аткинсон.
Аткинсон "Кумтөрдү" денонсациялоо боюнча: "Биз сотто өз кызыкчылыгыбызды коргоого мажбур болобуз. Маселе сүйлөшүү жолу менен чечилет деген үмүттөмүн. Биз кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүп, меморандумдун негизинде жаңы келишим кабыл алууга кызыкдарбыз",- деди.