Иса Өмүркуловдун уулу унаасы менен велосипед айдаган кызды сүзүп кетти. 2011-жылы ал катышкан кырсыктан 3 адам каза болгон

Депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев унаасы менен велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кетти. Маалыматты милициянын Бишкек шаардык кайгуул кызматынан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, кырсык борбор калаанын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз ооруканага жеткирилди.

2011-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунан ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Federik
2021-05-16 15:43:50
Бул дуйнодо албаган жазаны,акыретте созсуз алат .
+16
Alfiya
2021-05-16 16:00:37
Тооба кылдым.Жазасын алсын да,уч адам олсо да шарттуу кесилгени кандай?
+17
Kyrgyz_bloger
2021-05-16 16:00:59
Иса Омуркулов кол тийгис карольбу озун камай албасанар дагы баласын камагыла омур бою машина айдай албай турган кылгыла.
+17
Jaysan030
2021-05-16 18:18:20
Kyrgyz_bloger,- басылып кетти.
+1
amirrus
2021-05-16 16:04:52
Булар да жооп берчу кун келет,2-жолу адам сузуп жатса ...Мындайларды катуу жазалабаса кайталана берет...
+14
Dembele84
2021-05-16 16:16:23
Атасынын мансабына копкон опкосу жок иттер да булар.Эми дагы актап чыгарып жиберет биздин соттор.Аларга только акча болсо апасын да сатат сукалар!
+18
IOA
2021-05-16 17:55:35
Мыйзам баарына бирдей эмес бизде
+9
nazira...
2021-05-16 18:37:34
Иса өмүркуловдун баласынын судимостту бар экен, анда неге депутат болуп отурат, боло береби же. Жакын туугандары соттолбош керек го, кантип эл башкарып отурат бетин табактай кылып.
+9
Dembele84
2021-05-16 23:01:54
nazira...,Бизде турмодон чыгып сразу президент болуп жаткандан кийин,мындайларды карабайт деле да,мыйзам вообще иштебейт.Только акча чечет,коррупция гулдогон олкобуз!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан