Жогорку Кеңеште эртең, 23-октябрда "Кумтөр" маселесин кароо улантылат. Анда өкмөт сунуштап жаткан меморандум боюнча акыркы чечим алынмакчы. Белгилей кетсек, мурунку апталарда парламентте "Кумтөр" боюнча канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүү тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган меморандум кызуу талкууланып, көпчүлүк депутаттар ага карышылык билдиришкен эле.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.