Бүгүн, 22-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Германиянын жаратылышты коргоо Союзунун президенти Олаф Чимпкени кабыл алды.Жолугушууда Алмазбек Атамбаев мейманга ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, аталган иш-чаранын өзгөчө маанисин белгиледи. “Бул иш-чараны жакшы улантуу үчүн биз бардык аракеттерди жумшашыбыз керек”, - деди өлкө башчы.
Олаф Чимпке Алмазбек Атамбаевдин демилгесин толук колдоорун айтып, ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумдун маселелерин ишке ашырууга көмөктөшөрүн жана уюмдун Бишкектеги кеңсесинин ишин жакшыртарын билдирди.Жолугушууда Кыргызстандын аталган союз менен өлкөдөгү жана аймактагы айлана-чөйрөнү коргоо маселеси талкууланды.