Эртең, 23-октябрда Ош шаарына Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан өкүлдөр келет. Алар аталган шаардын Ош шаарындагы күндөрүн белгилешет. Мындан сырткары эки өлкөнүн 2013-2016-жылдагы кызматташтыгы тууралуу протоколго кол коюшат. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагы боюнча тегерек стол, кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү максатында сүйлөшүүлөр жүрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.