Эртең, 23-октябрда Ош шаарына Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан өкүлдөр келет. Алар менен бирге аталган шаардын “Маарин” музыкалык театры, “БИС-КВИТ” оркестри келишип, шаардыктарга оюн-зоок тартуулашат. Мындан сырткары шаардыктар үчүн Санкт-Петербург шаарынан келген тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан кеп-кеңештер берилери пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.